Куран (Qur’an) ыйыкпы?

Курандын ыйыктыгы тууралуу талкуулаганда, биз анын анык нускасы пайда болгонун аныктоо үчүн чыгарма катары эле изилдешибиз керек.
Исламда Куранга абдан бийик даража берилген, ошол себептен аны ишенгендер арасында көптөрү буркан катары кабыл алышат.
Кошумча катары айтсам, ислам жазуунун тексттеги далилден сыртка чыгып анын жогорудан келген шыктандыруусун жарыялашат.
Мен Мормондордун окутуусун изилдеп жатканда исламдагы окутуу менен окшоштуктарын байкадым.
Мормондор асмандан келген жазуулар алтын тактайчаларга жазылып калган жана ошол тактайчаларды периште алып орнотуп жана транслитерация (тамгаларды башка түшүнүктүү тамгаларга алмаштыруу) үчүн сактап койгон деп ишенишет.
Ошондой эле Джозеф Смиттин баяны дагы окшош, ал жалгыз чындык ишенимди табууга арналган, ошондуктан кийин аны кудайлык чындыкты ачып берген көптөгөн жолугушуулар жана аяндар коштогон имиш. Мындай кудайлык аяндарга карабастан, «Мормондордун китеби» дагы Куран сыяктуу эле кемтиксиз документ сыяктуудай.
Мусулмандар Куранды бардык адабият түрлөрүнүн кемтиксиз жана эң коозу деп жарыялашы мүмкүн, исламга ылайык, анын анык нускасы асмандан келгендиги ички далилдин ыкмалары менен аныкталат.
Джозеф Смиттин Мормондордун Китеби тууралуу көз карашы дагы ушундай болчу, ал аны китептердин арасынан кемтиксиз жеткилең китеп деп эсептеген.
Бирок бул эки тексттин кудайлык жаралуусу тууралуу талаптары кыска, себеби алар жарыялап жаткан жеткилеңдик жетишсиз. Жарыялоо жана чынында ошого дал келүү – экөө эки башка нерсе, жана адам аны далилдеш керек же болбосо чындыкты негиздөө үчүн акылга сыярлык же так далил бериш керек.
Башында айтсам, Курандын башаты жалгыз бир гана адамдан келген, ал дагы күмөн каарман.
Мухаммед аяндардын башында эле өзүнүн акылында шектенген, себеби ал ачуулуу адам же акын экендигин өзү да билген эмес. Аны шайтандар ээлеп алганда ал өзүндө шектенген, анын алган аяндары сыйкырчылык көрүнүштөр менен коштолгон, себеби анын оозунан көбүк чыгып жана төөдөй кыйкырып таң калычтуу кылык-жорукту кылган.
Дагы башка суроо, эмнеге Аллах сабатсыз адамды ал учурда топтоло элек сабаттуу чындыкты жеткирүү үчүн тандап алмак эле.
Бул тууралуу мен ылдый жакта белгилеп койгон башка блогдо дагы талкуулайм.
Мухамед калп пайгамбарбы?
Курандын тексти анык нуска деген пикир тууралуу дагы бир тынчсыздануум бар, куран мазмунун башка булактардан алган. Ал булактар Ыйык Жазуу (Библия) жана башка ар түрдүү жалган окутуулар болгон, алардын катарында коомдогу ишенимден сыртка четтетилген Иудей-христиандык апокрификалык адабият, себеби ал кудайдан шыктандырылган деп эсептелген эмес. Бул апокрификалык жазуулар еврейлердин жана христиандардын маданиятынын диний ырым-жырымдардын жыйнагынын четке чыгуусу менен байланыштуу болчу, ошондуктан эч качан чындык катары кабыл алынган эмес.
Бул чыгармалар менен бирге Персиядагы Зороастра адамдарынын ооз эки адабиятынын таасири болгон, ал дагы Курандын жазууларына кошулган.
Демек, кантип Аллах жогорудан берилген кабарын жердеги адашкан элчилерден жана адамдардын ырым-жырымдарынан алсын?
Адам кантип жеткилең эмес чыгарманы негиздеген коомчулук четке каккан адамдын кыялдануусунан жаралган нерсе аркылуу жеткилеңдикке жете алсын?
Эгерде Ислам эң жогорку дин болсо, эмнеге ал өзүнүн алгачкы материалдарына тамырлабай ошол учурдагы исламдын маданиятын курчап турган башка диний агымдардын калдыгынан курган? Анда ал канчалык чындык?
Башка туулган суроо, бул ыйык деп аталган текст кантип иретке салынган, себеби ал чирип жок болуп кете турган жөнөкөй жана жарым-жартылай бөлүктөрдөн турган сөөк, жыгач, тери, жалбырактар жана таш сыяктуу нерселерден көз каранды болгон.
Ошондой эле, Куран анын жаңылышсыздыгын камсыз кылуу үчүн толук кайталоо сыяктуу так жана даана болушу керек болчу, бирок эстутумунун жаңылыш акылы жана сүйлөө аркылуу алынган күбөлөндүрүү аркылуу чогултулган.
Анда биз аны «бардык китептердин апасы» деп аталган чыгармалардын эң зор чыгармасы деп кабыл алышыбыз керекпи же бул чынында эле башка байыркы адабият чыгармалардан эч айырмасы жокпу.
Куран эч качан Мухаммеддин тирүү кезинде же өлгөндөн кийин кыска убакыттын ичинде топтолгондугу тууралуу далилдер жок, бирок далилдер Куранды пайгамбар өлгөндөн кийин 150 жылдан 200 жыл аралыгында топтолуп өнүккөн, жана 8 же 9 кылымда бекитилген (канондоштурулган) деп көрсөтөт.
Илимпоздор Курандын жазуулары бир эле адам менен эмес, бирок топ адамдар менен жүз канча жылдын ичинде топтолгон деген жыйынтыкка келишкен.
Курандын эң эски көчүрмөсү Ма Ил (Ma’il) жазуусу менен биздин замандын 790 жылы жазылган, б.а. Мухамед өлгөндөн кийин 150 жылдан кийин.
Жада калса жоголо элек эң эски жазуулар да Мухамеддин заманынан 100 жыл кийин жазылгандар.
Кошумчалап кетсек, Узмандын көчүрмөлөрү мурда эле жок болуп кеткен, бирок ислам илимпоздор башканы талап кылып жатышат, бирок чындап келгенде бул карама каршы болгон тексттердеги Куфтар жазуулары Узман учурунда колдонулган эмес жана Узман өлгөндөн кийин 150 жылдан кийин жарыкка чыга баштады.
Ошондой эле, араб тилин асмандан берилген Аллахтын тили деп эсептешет, анда эмне себептен Куран тили чын эле Аллахтан берилсе башка чет мамлекеттердин тилин жана сөздөрүн колдонгон, аккаддыктардын, ассириялыктардын, фарс, сириялыктардын, еврей, гректердин, арамей жана ефиопиялыктардын.

Эгерде Куран ушунчалык эле эски болсо, анда эмне себептен Textus Originalis, б.а. анык нускасы сакталып калган эмес, себеби исламга чейинки байыркы башка документтер кол тийбеген бойдон сакталып жарык көргөн го? Же Аллах чын эле көз каранды эместигин пайдаланып ыйык жазуусун жашырып койдубу?
Курандын тарыхын карап көрсөк, ал Саид ибн Забит (Zaid ibn Thabit) менен иретке келтирилген, ал Мухаммеддин катчысы болгон. Саид Абу Бакирдин буйругу менен Мухаммед айткан нерселердин бардыгын жазып, документ катары топтоп туруш керек болчу.
Демек, кийин Узман, үчүнчү калиф, башкарып турган учурда Куранды үлгү катары колдонуп жана бардык мусулман коомдорго бир гана текстти атайы киргизүү иш-аракеттер жумшалган, ошондуктан Саид жазган мыйзамдар көчүрүлүп жазылган, ошол эле учурда башка каршы болгон документтердин бардыгы жок кылынган.
Ошондуктан ким айта алат бул текст стандарт же үлгү деп, себеби Мухаммеддин кээ бир жакын шериктеринен турган ишенген адамдардын коомуна салыштырмалуу бир гана адамдын бийлиги чечүүчү бедел болгон.
Эми бизде мурдагы тексттин көчүрмөсүнүн көчүрмөсү бар. Биз кайдан билебиз биздеги нерсе чын эле Куранбы жана Мухаммед анын толук мазмунун тааныр беле?
Далилдер жок болгондуктан бардык жазуунун тагыраак текстин кайра түзүүгө бизде так жол жок.
Текстин негиздөөчүлөрү Мухаммед менен мамиледе болгон ишеничтүү инсандар болсо дагы, Саид, Абдулла ибн Масюд, Абу Муса жана Убайы, төртөө жазган мыйзамдар өз ара четке чыгуулар жана алынган нерселер менен айырмаланат.
Абдулла ибн Масюд Мухаммед менен Куранды кайталоо боюнча окутуучу болуп дайындалган, Убайы пайгамбардын катчысы болгон.
Пайгамбардын жакын шакирттеринин арасында кимиси көбүрөөк кадыр-баркка ээ болгон?
Башка коомдор менен кабыл алынган башка барктуу тексттер болсо дагы, туура деп чечкендей акыркы беде адам болгондой Узман ким эле?
Саид текстти жыйнак кылып топтоп жатканда ал «таш баран» деген сөзгө байланыштуу кээ бир сөздөрдү унутуп калыптыр.
Эми текстти бириктирүү үчүн ушунча күрөшүүдөн кийин ал Куфанын башкаруучусу аль-Хаджаж менен кайра каралып жана иштетилип оңдолуп чыккан.
Ал 11 текстке өзгөрүү киргизди, кийин акыры жетиге чейин кыскартылган.
Ошондон кийин акыркы текст алынган анык нуска документ Хафсах текст Мединанын башкаруучусу Мирван менен жок кылынган.
Курандагы башка кубулуш бул жокко чыгаруулар, ички карама-каршылыкты чечүү текстти жакшыртуу деп түшүндүрүлөт.
Мен таң калган нерсе, эмнеге ансыз деле кемтиксиз болгон нерсени кайра оңдош керек, себеби бул аянга 20 жылдай эле болду жана эч кандай маданияттагы стандарттардын эволюциясына жеңилдик кылуу үчүн өзгөрүү же оңдоого муктаж эмес эле?
Жокко чыгаруунун саны бештен беш жүзгө чейин. Башкалар 225 жакын дейт. Биз көрүп тургандай жокко чыгаруу илими так эмес илим, себеби чынында эч ким канча аят жокко чыгарылганын так билбейт.
Ички карама-каршылык тууралуу кошумча кыла кетсек, ал жерде илимий жана грамматикалык каталар бар.
Ушундай карама-каршылыктардан Хадистин саны өсүүдө, ал 250 жылдан кийин 9 кылымда пайда болду.
Башында 600, 000 хадис айтуулар колдонулчу, азыркы учурда 7000 тегерегинде хадис калды, 99 % жаңылыш деп эсептелинген.
Эгерде 99% ката болсо, анда биз Аль Букара бекиткен 1% чындык деп кантип ишене алабыз?
Мусулмандардын үрп-адаттары, салты ооз эки аңгемечилер аркылуу же Куссалар аркылуу айтылып келген, алардын иштери толук 8 кылымдан кийин топтолгон болчу.
Бул аңгемелер ооз эки эл адабияттан алынып көркөмдөлгөн жана кийин исламга абдан чоң бурмалоо алып келди.
Бул нерсе бузук телефон деген оюнга окшош, же бир убакта бир нече адамга бир эле нерсени айтса аягында акыркы киши такыр башка аңгемени айтат.
Эми ушул нерсени эки жүз жылдай убакытка уланткыла, акырында кандай жыйынтыкка ээ болосуңар?
Куранды Аллахтын ою же жазылган чыгармалардын эч бир нерсеге тең келе албаган кереметтердин керемети деген жарыялоо эч бир тараптан негизделбеген апыртуудай сезилет.
Куран жооптон дагы суроолорду көп туудурат.
Эгерде Куран адабияттын укмуштудай мыкты чыгармасы болсо, анда даңкка талап кылуусун актай алабы?
Ал өзүндө эч бир адабиий чыгарма камтыбаган сулуулукту камтыйбы? Өз оюн ошол сулуулукту карап жаткан адам өзү айтсын, себеби көптөрү бардык адабий жанрлардан аны өйдө деп эсептешет, бирок Куран көптөгөн классикалык адабий чыгармалардан да алып кошкон.
Экинчи эмес деп эсептелген китеп көп учурда байланышсыз жана туура эмес оңдолгон деп эсептелет, ошондой эле ага карата айтылган сын пикирлерге жана башкалардын кылдаттык менен изилдөөсүнө каршы тура албайт, себеби алар анын анык нускасы тууралуу объективдүү көз караш бере алат.
Бул кыймылдын ичиндеги башкалар болсо баш ийип акылсыз нерсеге талашсыз ишенип ошону мене кучакташып алышкан, ошондуктан ишенген адам анын мазмуну тууралуу сын пикирин айтуудан да алыс.
Мазмунунда күмөн саноо Аллахка жана анын пайгамбарына шек келтирүү болмок, бирок бул нерседен мусулмандардын ою абдан алыс, андай болсо алар чыккынчылык кылып жана чакырык салган болуп эсептелет, мындай нерселер үчүн өтө оор түбөлүктүү натыйжага дуушар болушат.
Силер Куран Ислам бардык өтүү доордон кийин сакталып калганы керемет деп айтышыңар мүмкүн, бирок мен далилдерге таянып айтам, бул кат кудайдан алган аян деген нерсеге мен ишенип калсам, ошондо керемет болмок.
Жыйынтыктап келсем, мен Куранга тишелүү башка эч кандай кошумчам жок. Бир гана нерсе айткым келет, мен өзүмдүн түзмө түз айтуумда ашыкча баа берип менин мусулман досторума карата сыйлабастык көрсөтүп алган жокмун деп үмүттөнөм.
Муну кылуу кыйын, себеби качан диний ойдун ой-жүгүртүүсүнө чакырык катары сунушталган башка нерселерден да дин адамдын ишенимине ушунча сиңип калганда, ошондо бул нерсе көп учурда коркунуч же кастыктын бир түрү болуп калат.
Эгерде мен айткан аркылуу силер колуңарда кармап турган ыйык туткан нерсеге карата шектенүү туудурбай эле кыжырдануу туудурсам, мен силерден кечирим сурайм.
Менин ниетим таарынтуу эмес, бирок чындыкты жактоо жана анын жолу менен кайсы жерге жетелесе да баруу.
Акырында, бул маселе тууралуу дагы маалымат билгиңер келсе, анда мен белгилеп койгон блогдогу Жей Смит жазган макалага кайрылгыла.
Кудай менен кандайча мамиле кылса болот

Мусулман жана Ислам тууралуу маалымат булактар

Кыргыз-Kyrgyz

Is the Quran sacred

Leave a Reply