Ыйса жөнүндө менин күбөлөндүрүүм

Саламатсыңар, менин атым Роб, мен АКШдан, Техастанмын. Мен силерге өзүм тууралуу бир аз айтып берейин. Адатта, мен Кудайга болгон ишенимим тууралуу күбөлөндүрүүм менен баштайм, анткени ал мен үчүн абдан маанилүү. 20 жыл мурун менин жашоомдо абдан кыйын учур болду, ошондо мен кандайдыр бир боштукту сездим. Мен Ыйсага ишенип калганда Ал менин жүрөгүмдү толук толтурду, ошондуктан азыр мен бул дүйнө бербеген сүйүүгө, кубанычка жана тынчтыкка ээ болдум.
Эгерде мен ушунун бардыгын башымдан өткөрбөгөндө, мен качан эле жеңилип ишенимдин башка тараптарынан изденмекмин. Менин жашоомду өзгөрткөн нерсе бул Ыйса менен жеке мамиле куруу болду, жана бул нерсе дин/филосифия менен чектелген жок. Бул нерсе чындык жана аны сезип көрсө да болот. Бул нерсе качан мен жашоомдогу ишенимимдин туу чокусундагы чечимге жеткенде болду, Ал мени тап такыр башка адам кылды, бир түндүн эле ичинде буга чейин мен ишенген, мен ойлонгон, мен кылып жүргөн иштерди толук өзгөрттү. Мен эми башка адам болдум, эч ким муну тана албайт эле, анткени өзгөрүлүү ушундай айкын болду. Мен кайра төрөлдүм жана бул жөнөкөй эле диний чиркөөлүк сөз эмес. Мен Ыйсада жаңы макулук болдум. Менин жашоомдогу кээ бир өзгөрүүлөр аста-астадан болуп жатты, кээ бир өзгөрүүлөр дароо жана бир түндө эле болду. Кудай мени мурда жашоомдо өз табиятым менен өтө албаган нерселерден өткөрүп жатканын көрдүм. Ыйса мага көптөгөн күнөөлөрдү жеңүүгө жардам берди, банги заттан баштап жыныстык ыпластыкка чейин. Ошондой эле менин ишенимимдин орчундуу учурунда менин аялым күчөп кеткен бөйрөк оорудан жана балам астмадан айыгышты. Эгерде ушул айтып жаткан нерсемдин бардыгы жөн эле бир пикир болсо, анда мен муну окуу үчүн силердин убактыңарды албайт элем.
Силер, мен сага ишенбейм деп айтышыңар мүмкүн же мени чынчыл болсо деп ойлошуңар мүмкүн, бирок кандай болсо дагы, мен силерден бир гана нерсени суранам, чын жүрөктөн Кудай силерге Ыйса тууралуу чындыкты ачып берсин деп сурагыла. Кандай болсо дагы ушун окуганыңар үчүн рахмат жана Кудай ушул нерсе аркылуу силерди молчулугу менен алкыштасын деп сыйынам.

 

 

 

Кудай менен кандайча мамиле кылса болот

Мусулман жана Ислам тууралуу маалымат булактар

Кыргыз-Kyrgyz

My testimony with Jesus

Leave a Reply