Ыйса жөнүндө түштөр жана аяндар

Саламатсыңар, менин мусулман өлкөдө жашаган досум менден суранды эле, Ыйса жөнүндө түш көргөн же аян алган тааныштарым тууралуу айтып берүүнү. Анда баштасам, мен кичинекей бала кезимде Ыйса жөнүндө түш көргөм, ошондуктан бул түштү өзүм оюмдан чыгарган жокмун, Ыйса мага жарык болуп келди, ыйык жазуудагы сүрөттөөгө ылайык ал Кудайдын даңкы экен, бирок ал мага ошол убакка чейин белгисиз болгон. Ал мага абдан таасир берди, ушул күнгө чейин мен аны унута албайм, Ал мага эч нерсе деп айтпаса дагы Анын эң сонун бар болуусу Ал табынууга татыктуу экендигин билдирип турду, ошондо мен Анын алдында жүз төмөндөп жыгылдым.
Ошондой эле менин бир нече еврей досторум бар, алар дагы Ыйса менен жеке жолуккан. Бир айым менин жакшы досум эле жана ал Машайакчыларга абдан каршы эле, себеби ал бардык диндер күчкө ээ деп эсептечү. Ал мени эч качан олутту кабыл алчу эмес, андан сырткары ал бир жолу анын атасы Машайакчылар менен жакшы талашып-тартышат деп айтты, ошону менен биздин маектешүүбүз аяктады. Бирок ал каза болоордо, бейтапканада жатканда ага Ыйса бир нече жолу келди деп айтып туруп алды. Азыркы учурда еврейлер үчүн Ыйса менен тыгыз байланыш эсте калаарлык керемет окуя, ошол аркылуу анын Ыйсаны Машайак деп кабыл алуусу терең өзгөрдү деп ишенем.
Башка окуя Түштүк Африкадагы еврей менен болду, ал азыркы учурда мен барып жаткан жыйындын койчусу. Ал дагы Ыйса Машайак деген идеяга абдан каршы болчу, бирок Иерусалимде жүргөндө күндүз эле Ал жөнүндө бир нече аян көргөн. Ошондон кийин ал «Менин Иерусалимдеги жолугушуум» деген китеп жазып чыккан.
Акырында, көптөгөн кызыктуу жана таң калычтуу окуялар же күбөлөндүрүүлөр менин мусулман досторумдан келген, алар Ыйсаны пайгамбар деп сыйламак турсун Ага Теңирим деп ишенип калышкан.
Биринчи жолу ошондой адам менен жолугушуум эл аралык жыйындагы кызмат кылууда болду, мен Орто Батыштан келген мырзаны байкадым, кийин аны менен азык-түлүк дүкөндө сүзүшүп калдым. Мен анын алдына туруп ал кантип ишенген адам болуп калды деп сурадым, ошондо ал Ыйса жөнүндө түш көрүп аян алганын айтты.
Дагы башка адам Палестиналык досум, аны менен мен Израильде жолуктум, анын тамырлары мусулман болсо дагы, ал кандайдыр бир жол менен Ыйсага ишенип калган. Кийин ал ишеними үчүн камакка салынган, ошондо Ыйса ага келип бүт капасты жарык кылган.
Башкаларды атап кетсем ал Пакистандык аял, ал кичинекей кыз кезинде Ыйса ага түшүндө келип ага суу бериптир, ошондо мен ага Ыйса ыйык жазууда айтылгандай, өмүр берген тирүү суу деп түшүндүрүп бердим.
Дагы башка иран аял мага электрондук кат жиберген, ал эртең мененки намазын окуп бүтүп кайра уктайын деп жатса бөлмөнү жашыл жарык толтурду жана эркек адамдын үнү угулду, ал үн ага: «Тур! Мен Машайакмын!» деди. Ал төшөктөн тургандан коркуп жатам деп жооп берди, ошентип ал коркконунан төшөктү чүмкөнүп жата берди, себеби ал хиджабын же жабуусуна тагынган эмес болчу.
Жыйынтыктоодо мен бул окуялардын майда-чүйдөсүн унутуп калдым, учурунда жаздырып алсам болмок, бирок эмнеси болсо дагы мындай жолугушуулар тууралуу мен көп угам, булар чындык жана Ыйса менен жолуккан эркектердин жана аялдардын туугандары жана коомчулугу куугунтуктап, жада калса кээ бирин өлүмгө чейин алып барганга чейин жашоолорун өзгөрткөн жолугушуулар. Адамдар жөндөн жөн жашоосун тобо келге салбайт, ошондуктан мен ишенем бул эки топтун бири абдан күчтүү жана тез кыймылдаткан таасир алган, бул нерсе алардын ишениминин улуу каармандары, Муса же Мухаммед аркылуу келген жок, бул алар үчүн аларды ойготкон чакырык болду, Ыйсанын кылган ишин жана инсандыгын кайра ойлонуу болду, мурда аларга Ага кантип ишенүү тууралуу окутулган жана багытталган нерсеге чакырык болду. Балким сиз бул окуялар тууралуу күмөнсүз, бирок мен сизге жөн гана Кудайдан же Ыйсадан Өзүн сизге Ал Теңир жана Куткаруучу экендигин жеке жол менен ачып берсин деп суранам.
Кийин мен 700 клуб деген алып баруудан бир нече видео көрдүм, анда мусулмандар кантип ишенип калганы тууралуу берип жатыптыр.

www.cbn.com/tv/3166680520001

www1.cbn.com/cbnnews/insideisrael/2012/June/Dreams-Visions-Moving-Muslims-to-Christ

www1.cbn.com/video/fatimas-quest-for-god

morethandreams.org/

 

 

Кудай менен кандайча мамиле кылса болот

Мусулман жана Ислам тууралуу маалымат булактар

Кыргыз-Kyrgyz

Visions and Dreams of Jesus, Isa, Esa, Yeshu, Yeshua

Leave a Reply